Бишкек шаарындагы Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан "Народный" дүкөнүн "жардырам" деп коркуткан киши "Йакын Инкар" экстремисттик тобуна мүчө болгон. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Окуя 12-мартта болгон. Түнкү саат 03:30дар чамасында баштык көтөргөн белгисиз киши дүкөндү жардырарын айтып, коркутуп жатканы тууралуу Октябрь РИИБине кабар келип түшкөн. Аталган жерге барган райондук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери 31 жаштагы Ош облусунун Н.Т. аттуу жаранын кармашкан. Анын колунан алынган баштыктан эч кандай жардыргыч зат табылган эмес.
Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык), 226-беренеси (террордук ишмердүүлүк жүргүзүүгө ачык чакыруу жана террорчулукту ачык актоо) менен кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда иликтөө уланууда.