Чычкан капчыгайы аркылуу өткөн Бишкек-Ош унаа жолуна дагы кар көчкү түштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспектору Айбек Сатыбалдиев билдирди.
Анын айтуусуна караганда, кар көчкү кечээ, 14-мартта саат 17:00дөр чамасында түшкөн.
"Кар көчкү түшкөндөн кийин эле ал жерге техникалар тартылып, тазалоо иштери башталган. Ошондой эле Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери да ал жерде өз милдеттерин аткарып жатышат", - дейт Сатыбалдиев.
Айта кетсек, 13-мартта да Чычкан капчыгайы аркылуу өткөн Бишкек-Ош унаа жолуна 2 миллион 500 метр куб кар көчкү түшүп, каттам жабылган болчу.