Чемпиондор Лигасы: Лионель Месси Тибо Куртуанын аласынан 2 гол киргизип, "Барселонаны" чейрек финалга чыгарды

14-марттан 15-мартка караган түнү Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалында испаниялык "Барселона" өз талаасында англиялык "Челси" футболдук клубу менен жооптук беттешин өткөрдү.
"Камп Ноу" стадионунда орун алган беттеште испаниялык команда ири эсепте жеңишке жетти.

Алгачкы мүнөттөрдөн баштап "Барселона" кооптуу чабуулдарды уюштурууга үлгүрдү. 3-мүнөттө испаниялык команданын чабуулу ийгиликтүү аяктады, Лионель Месси Луис Суарестин чыгарып берүүсүнөн кийин таамай сокку менен топту Куртуанын аласынан өткөрүп эсепти 1:0 кылды. 20-мүнөттө англиялык команданын оюнчулары атаандашынын бөлүгүндө топту алдырып жиберип, "Барселонага" контр-чабуулга чыкканга мүмкүнчүлүк берди. Лионель Месси коргоочуларды алдап өтүп, Усман Дембелеге мыкты пас чыгарып берди, Усман 10 метр аралыктан алыскы бурчка багытталган таамай соккусу менен эсепти 2:0гө айланта алды.

63-мүнөттө Хорди Альба атаандашынын чабуулун токтотуп, өз командасын контр-чабуулга багыттады. Луис Суарес чабуулду улантып Лионель Мессиге пас узатты, Месси сол канаттан коргоочуларды өтүп, кайрадан топту Куртуанын аласынан өткөрүп 2-голун киргизди. Эсеп саны 3:0 "Барселона" жеңишти майрамдап, Чемпиондор Лигасынын чейрек финалына өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
FCBMESSI
2018-03-15 07:50:17
Куртуанын аласынан Месси баш менен гол киргизип салсада тан калбайм,Месси красавчик Алга Барса Чемпион!
+5
Isco23
2018-03-15 09:19:03
FCBMESSI,эртеге жеребьевканы коробуз. Ошондо айтасын алга чемпион деп)))
-3
nemo2016
2018-03-15 10:57:52
Isco23,ичин неге куйо берет Барселона утса эле ийгилик каалап койе берда
+3
Isco23
2018-03-15 11:58:33
nemo2016,ичим куйду антип мынтип атамбы?просто айттам же сен дагы форса барсасынбы
-3
Motorola-Samsung
2018-03-15 09:20:52
Оюн жакшы болду бирок Месси башы мн гол киргизе албайт
+4
aiba-889290
2018-03-15 08:24:06
Оюн жиииинди болду.Месси гений
+5
Rasul94
2018-03-15 08:27:39
Челсинин кадыр баркын кетирди бул азыркы Контенин оюнчулары.убагында кандай эле бул клуб.Эми онолушу ото кыйын
-1
aksuu_aduk
2018-03-15 09:18:26
Месси гений эмес. Ал өзгө ааламдык болот
+3
Alinur
2018-03-15 09:32:44
Барселонанын чыныгы куйормандары женишинер менен жана 1-4ко чыгышынар менен!
+7
kriss120
2018-03-15 11:32:20
Месси жигар ишке жарадын.Реал мн ойногондода только аласынан киргизчи.Баш мн киргизгенге кызыкпа сен.
+3
Motorola-Samsung
2018-03-15 12:46:10
kriss120,Кришке окшоп башы мн ойной албайт да чиркин
+2
kriss120
2018-03-15 21:39:08
Motorola-Samsung,Баш мн ойногудай дабдырмес ал.Ал башы мн ойлонот
0
Boha1
2018-03-15 12:17:09
Барселона Алга. ЧЕМПИОН
+3
a.sheralievic.91
2018-03-15 14:33:47
Менин божомол (прогноз) ишке ашты
0
Bekzamann
2018-03-15 16:16:07
Месси красавчик
+1
ABIL
2018-03-15 16:28:04
мeсси бaш мн ойнобойт aл бaшы мн ойлонот тeк гaнa aлгa бapстap жpeбийдe жолуккaнчa
+1
kanybek1986
2018-03-15 22:35:29
Сити айрыйтго туш келсе
+1
FCBMESSI
2018-03-15 23:26:11
Керек болсо Месси любой жери менен гол урушу мумкун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан