Нарында жүк ташыган унаа жол кырсыгына кабылып, айдоочусу каза болду

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Кызыл-Бел ашуусу аркылуу өткөн 353-чакырымында жүк ташыган унаа жол кырсыгына кабылып, айдоочусу каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Нарын облусунун Нарын району аркылуу өткөн Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда кечээ, 14-мартта саат 20:30дар чамасында болгон. Анда Volvo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып оодарылып кеткен. Натыйжада унаанын айдоочусу каза болгон. Окуя болгон жерге барган куткаруучулар жансыз денени алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан