Кыргыз өлкөсүнө Тажикстандан 11 тонна картошканы мыйзамсыз алып кирген адам кармалды

Кыргыз өлкөсүнө Тажикстандан 11 тонна картошканы мыйзамсыз алып кирген адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Кызыл-Жол айылында Бажы кызматкерлери тарабынан К.К.У. аттуу Кыргыз жараны башкарып бара жаткан жүк ташуучу унаа текшерүүгө алынган. Натыйжада унаада Кыргыз өлкөсүнө керектүү документтери жок Тажикстандан алынып келе жаткан 11 тонна 25 килограмм картошка табылган.

Ошондой эле аталган маалыматта кармалган картошканын жалпы баасы 198 миң 450 сомду түзөрүн, иш Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилгени айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
abon
2018-03-15 12:33:43
упаковкасы сонун экен
0
rruslan88
2018-03-15 15:09:04
Ээ байкуш десе.суйлошуп анан ишти баштабапсында
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан