Чүй облусунун Сокулук районунда трактор менен жеңил унаа сүзүшүп 1 адам каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 13-мартта саат 19:30дар чамасында Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында болгон. Анда 37 жаштагы А.Р. аттуу адам ВАЗ-21 үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып, ага карама-каршы багытта келе жаткан трактордун чиркегичин сүзүп алган. Натыйжада жеңил унаанын айдоочусу алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон.