Башкы прокуратура Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Алар кымбат баалуу Лексус үлгүсүндөгү унааларды мыйзамсыз алып кирүүгө шектелүүдө

Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин кызматкерлери тарабынан белгисиз адамдар менен уюшуп, жасалма документтер менен 2 унааны мыйзамсыз жол менен катташканы аныкталган. Ал Грузиядан алынып келген Lexus GX 470 үлгүсүндөгү 2 унаа Кыргыз өлкөсүнө бажы төлөмдөрү төлөнбөй киргизилген. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 2 миллион 285 миң сом зыян келген.

Бул фактыга байланыштуу Башкы прокуратура тарабынан аталган кызматкерлерге 304-берене (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 204-берене (контрабанда) жана 210-берене (бажы жыйымдарын төлөөдөн четтөө) менен кылмыш иши козголуп, иликтөө үчүн тийиштүү органдарга жөнөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
lenin1870
2018-03-15 21:19:30
Оштун мамкаттоолору аман эле болушсун.баш баксан эле нервинди кайнатат.каяктагы жок документтерди талап кылып.россиядан куплю продаж,границадан талон,справка какой-то.эптеп акча алмайда нервти кетиргичейин 3-4мин берсен бутот.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан