Кочкор-Ата шаарында лицейдин директору пара алып жаткан жеринен кармалды

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында лицейдин директору пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул туурасында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, №77-лицейдин директору 19 миң 400 сом пара алып жаткан жеринен кармалган.

"Тергөө иштеринин натыйжасында аталган лицей 2018-жылдын февраль айында азык-түлүк жеткирүү кызматы боюнча тендер жарыялаган. Аны жеке ишкер Ч.А. аттуу жаран жеңип, келишим түзгөн. Келишимге ылайык, жеке ишкердин эсебине ай сайын аткарылган жумушу үчүн 20 миң сомдон ашык акча которулуп турушу керек болгон. Бирок лицейдин директору Ч.А.дан төлөнүүчү акча каражатынын 90 пайызын берүүнү жана алынып келген азык-түлүктүн тизмеси жазылган баракка кол жана мөөр коюуну талап кылган", - деп жазылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси (опузалап пара талап кылуу) жана 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголду. Кармалган жаран Жалал-Абад ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына 2 айга камакка алынып, тергөө иштери башталды.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
fantomas
2018-03-15 13:00:32
Жумуштан бошотуп тим болбой же соттон бошотуп жибербей, камагыла паракорду.... Жазасын алсын...
0
jbolotov
2018-03-15 23:47:00
Буга окшогон майда коррупция мамлекеттин коопсуздугуна коркунучтуу эмес, мекенибиздин эн коркунучтуу проектилери Нарын-Жалал абад жолу 370 млн $, ТЭЦ модернизация 386 млн$ мындай иштер коп, Кытай каржылпп аткан баардык проектилер Кытай учун зыян болсо жетекчилери атууга кетеерин эске алсак эмне учун Кыргызстанга Бишкектин жолдорун бекер грант деп Кытай ондоп берип атат?? Ойлонтотурган маселе, же кендерибиз берилип атат. Ушундай чон коррупциялар тыкан иекшерилиш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан