Мамлекеттик бажы кызматынын айрым кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду

Мамлекеттик бажы кызматынын айрым кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2017-жылы “Ош” бажы кызматынын өкүлдөрү Бирдиктүү автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу фактуралык баасы 49 миң доллардан ашуун товарды ташып кирүүгө байланыштуу транзиттик декларацияны негизсиз жүргүзгөн деп айыпталууда. Алардын бул аракеттеринин натыйжасында бюджетке 686 миң сом зыян келген.

Бул боюнча Башкы прокуратура тарабынан 204-берене (контрабанда), 3-4-берене( кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 315-берене (кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nanei
2018-03-15 13:48:46
Неге айрымдарына эле???
+2
Jelezo
2018-03-15 15:46:13
Бул бир күндогү бир операциясы бардык ишин текшерсе соту жок эле ата берсе болот
0
lenin1870
2018-03-15 21:06:47
Колдоруну тубунон кыркыш керек коррупционерлерди.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан