15-мартта Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданында Нооруз майрамына арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдеш старт алды.
Аталган мелдеште жалпы эсепте 16 команда күч сынашууда. Анда 8 команда өз ара беттешип, чейрек финалга өткөн алгачкы командалар аныкталды. Бул беттештердин баары ири эсепте жыйынтыкталып, командалардын мүмкүнчүлүктөрүн, артыкчылыктарын жана чеберчиликтерин көрсөттү.
Биринчи орун алган беттеште, "Ынтымак" менен "Келечек" командалары таймашты. Анда Таластан келген "Ынтымак" командасы "Келечектин" үстүнөн 6:0 эсебинде жеңишке жетсе, кийинки беттеште "Толкун" командасы "Төш-Булакты" 12:0 эсебинде утуп алды.
3-оюнда Сокулуктун "Биримдик Аю" командасы Нарындын "Дөлөн" командасы менен күч сынашты. Бул беттеште Сокулуктан келген команда мыкты даярдыгын көрсөтүп, беттештин жыйынтыгында 7:0 эсеби катталды.
Күндүн акыркы беттешинде Таластан келген "Мурас" командасы "Казарман" командасы менен күч сынашты. Таластык команда мыкты оюн көрсөтүп, алгачкы бөлүктүн 5-мүнөтүндө эсепти 5:0 кылганга жетишти. Ал эми оюндун аягында атаандашынын казанына жалпы 14 улак таштап, беттешти 14:1 эсеби менен аяктады.
Муну менен "Ынтымак", "Толкун", "Биримдик Аю" жана "Мурас" командалары чейрек финалдык бөлүккө өттү.
Эртең, 16-мартта дагы жарым чейрек финалдык баскычтын 2-айлампасы орун алат, анда 8 команда күч сынашып, чейрек финалдык баскычтын акыркы командалары аныкталат.
Жарым чейрек финал, 16-март:
9:30 "Достук" - "Эмгек талаа"
11:00 "Көк-Жал" - "Аафият"
12:30 "Четинди" - "Сары-Өзөн"
14:00 "Арашан" - "Илбирс"