Улакчы Урмат Мусаев: "Күч атасын тааныбайт" демекчи, Нооруз майрамына карата уюштурулган мелдеште күчтүү команда жеңишке жетет"

Бүгүн, 15-мартта Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданында Нооруз майрамына арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдеш старт алды. "Биримдик Аю" командасынын оюнчусу Урмат Мусаев оюнга болгон даярдыктары тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.

"Келе жаткан Нооруз майрамыңыздар менен. Бул майрамга карата уюштурулган мелдешке биз бир жарым ай даярдык көрдүк. Күндүн суугуна карабай, аргымактарыбыз менен машыгууларды өткөрдүк. Буюрса даярдыгыбыз жогорку деңгээлде. Бирок, "күч атасын тааныбайт" дегендей, мелдеште күчтүү команда жеңишке жетет", - дейт Урмат Мусаев.

"Биримдик Аю" командасы "Дөлөн" курамасы менен беттеш өткөрүп 7:0 эсеби менен жеңишке жетти. Улакчы Нарындан келген "Дөлөн" командасы менен болгон беттеш тууралуу төмөндөгүлөргө токтолду:

"Бүгүн мелдештин ачылыш оюндары болуп жатат. Биз "Дөлөн" командасы менен күч сынаштык. Оюн абдан жакшы болду, бирок аба ырайына байланыштуу оюн талаасы ылай болуп, толук мүмкүнчүлүгүбүздү көрсөтө алган жокпуз. "Дөлөн" Нарындан келип, мындай ири мелдештерге алгачкы жолу катышып жатат. Алардын оюнчулары жана аргымактары абдан күчтүү экен. Алар жаңы команда болгондуктан, ийгиликтери алдыда".

Айта кетсек, бүгүн көк бөрү боюнча республикалык мелдеште жарым чейрек финалдык оюндар өттү. Анда 8 команда өз ара беттешип, чейрек финалга өткөн алгачкы командалар аныкталды.

Бүгүнкү күндүн жыйынтыгы менен чейрек финалга "Ынтымак", "Толкун", "Биримдик Аю" жана "Мурас" командалары өтүштү.

Ал эми эртең, 16-мартта жарым чейрек финалдык баскычтын 2-айлампасы орун алат, анда 8 команда күч сынашып, чейрек финалдык баскычтын акыркы командалары аныкталат.

Жарым чейрек финал, 16-март:

9:30 "Достук" - "Эмгек талаа"

11:00 "Көк-Жал" - "Аафият"

12:30 "Четинди" - "Сары-Өзөн"

14:00 "Арашан" - "Илбирс"

Нооруз-2018: Көпчүлүк сүйгөн көк бөрү күйөрмандарын ат майданга жыйды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
dasta
2018-03-15 19:15:55
Тууз алып беруунуздорду суранып кетет элек. эвропада КТР ка спорт жок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан