Баңгизат менен кармалган жарандарды коё берген милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура "баңгизат менен кармалган үч адамды коё берип, алардан алынган далил затты жашырып койгон" деген шек менен ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын эки өкүлүнө кылмыш ишин козгоду. Бул туурасында Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ыйлайык, окуя 20-январда Чүй облусунун Сокулук районунда болгон. Анда үч жаран гашиш баңгизатын автоунаага алмаштырып жаткан жеринен кармалып, милицияга алынып келинген. Алар 11 саат суракка алынган соң коё берилип, бирок алар кармалганы тууралуу маалымат эч жерге катталган эмес. Ал эми алынган баңгизат жашырылып коюлганы айтылууда. Кармалган милиция кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), (пара алуу) (кылмыш жасалгандыгы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо), (маңзатты мыйзамсыз сатуу) беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kalpak.kg92
2018-03-15 18:16:00
Олуп кетсин...не болсо шо болсун эми...мындайлардын канчасынын былыгы ачылбай жаттат Ашага окшоп
+4
Ka2sr1
2018-03-15 18:59:40
Кылмышты актаган озу кылмышкер.
+1
Ermekbai
2018-03-15 19:09:04
Ашаны неге камашпай жатат духу жетпейтатго Сокенин
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан