15-мартта Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда юмор сүйүүчүлөрү топтолушту. Анткени "Тамашоунун" 10-сезонунда "Тамашоу" Кубогу жана 50 миң сом байге ойнотулду.
Юбилейлик оюнда "Тамашоунун" 3-сезонунун чемпиону "Ак Өргө Сity", 6-сезонунун чемпиону "No name", 7-сезонунун чемпиону "Позитифф", 8-сезонунун чемпиону "Универсал", ошондой эле "Ак кеме", "Кыргыз двор", "Тамадалар", "Ошингтон" командалары ат салышты.
Ал эми ар бир тамашага, командага өздөрүнүн сынын айтып, баасын берген калыстар тобунда режиссёр Рысбек Жабиров, ырчы Урмат Усенов, "KG Групп" компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташов, Дүйнөлүк Эр таймаш федерациясынын жетекчиси Руслан Кыдырмышев, "Супер-Инфо" гезитинин башкы редактору Мирлан Өмүралиев, мега ырчы Мирбек Атабеков жана стилист-дизайнер Замира Молдошева болушту.
Оюн "Фристайл" жана "Ким тапан" деген эки сынакта өттү. Алгач "Ким тапан" конкурсу орун алып, калыстар тарабынан берилген суроолор кызыктуу жоопторго ээ болду. Алгачкы суроону стилист-дизайнер Замира Молдошева узатты. Ал: "Голливуддан кытайлык режиссёрлор Кыргыз жергесине "Аватар", "ТЭЦ", "Аттиш" деген кино тартканы келишти. Алар 128 камера сатып алышты. Киного калыстар тобунан ким тартылмак?"
Биздин кинону реклама кылып бергениңиз үчүн чоң рахмат! Кытайдан 2 даана балык алып келдим, ошону бышырып жеп алыңыз. Болобу..." (Ошингтон)
"Шакиртимдин сөзүнө кошулам..." (No name)
Кийинки суроо эстрада ырчысы Мирбек Атабековдон: "Күмүш балык кармап алсаңар эмне кыласыңар?"
"Алтын балыктын номерин сурамакмын..." (Позитифф)
"Ак Өргө Сity" командасынан Самат Эркинбек уулу чыгып: "Мирбек экөөбүздү качан семиртесиң?" демекмин".
"Балыкты сатып, сизди үйлөнүү тоюма чакырмакмын". ( Кыргыз двор)
Урмат Усеновдун: "Тамашоучулар" эмне жеп семирип жатасыңар?" деген суроосуна төмөндөгүдөй жоопторду айтышы.
"Күмүш балык жеп..." (Ак Өргө Сity)
"Депутаттар деле семирип жатышат го..." (Позитифф)
Ал эми "Универсал" командасынын капитаны Калыбек Турдубеков саман жеп семирип жатканын айтып, элдин боорун эзди.
Калыстар тобунун төрагасы Рысбек Жабиров 10 жыл мурунку балдар бүгүн көзүнө киши көрүнүп калганын айтып, алар менен саламдашты. Ал: "Атадан кем уул, тең уул жана артык уул деген бар. А Замира кандай кыз?"
"Замира эже давно эле катын болуп калган го ..." (Тамадалар)
Ал эми WEF уюмунун президенти Руслан Кыдырмышев: "Чыныгы спортчу менен чала спортчунун айырмасы эмнеде?"
"Чала спортиктер курсагы менен көтөрүп чабат". ("Ак Өргө Сity")
"Ошингтон" командасынын тапан тилдүү оюнчусу Алмаз ырчыларды ордунан тургузуп "Булардын эмне айырмасы бар?" деди.
Рысбек Жабиров: "Тамашоучуларга" үй курулса кайсы районго курулат жана кимдерге берилет?"
"No name" командасынан Мурат Жалиев чыгып, жалдыраган көздөрү менен "Ошко куралычы" деди.
"Бизге времянка деле боло берет". (Ак кеме)
"Биринчи баня куруп бергилечи, жуунуп алалы". (Универсал)
"Памирде кыргыз үйдөн тажадык. Ошон үчүн Нарынга көчүп келдик..." (Ошингтон)
Самат Эркинбек уулу: "Чарчы метри канча тамашадан, алгачкы төлөм канча? Курулуш качан башталат, бүтөт?" деп Рысбек Жабировду суракка алып кирди.
"Ким тапан" конкурсу жыйынтыкталып, калыстар тобу өз бааларын берген соң "Фристайл" оюну башталды.
Оюндун экинчи баскычында сахнага "Позитифф" командасынын шайыр шатман жигиттери чыгышты. Алар 110 метрлик чучукту жасаган кыргыздар ЖЭБди оңдой албай коюшканы тууралуу тамаша көргөзүштү. Мындан тышкары "Азия Молл" соода борбору ачылгандан кийин "Ош базары" бир эмес, эки ирет өрттөнүп кеткен тамашасы дүркүрөгөн кол чабууларга ээ болушту.
"Шайтандын чоңунан кичинеси" деген ураан менен сахнага "шакирт" командалардын бири "Ошингтондун" жигиттери чыгышты. Жаш болсо дагы "ардагер" командалар менен атаандашып жаткан оюнчулар тамашалары менен элдин көңүлүн бура алышты. Элдин эсинде калганы Памирдеги кыргыздардын акыбалын сурап барган кыргыз өкүлчүлүгү тууралуу тамашасы болду. Анда нукуралык, адамдардын кең пейилдүүлүгү камтылган.
"Кыргыз двор" командасы оюнду улантышты. Күлкү жаратуучулардын "Лалафодогу" жарыядан "Баткенге мэр керек, тажрыйбасы жок болсо деле боло берет" деген тамашасы жакшы кабыл алынды. Мэр өзү Бишкекте жүрүп, Баткенди сыртынан кулпулап келгенин айтты. Ал эми мырзалар калыстар тобунун төрагасы Рысбек Жабировго тийишти.
Оюнчу: "Менин аялым туура Рысбек байкедей. Рысбек байке деле "сенден көп нерсени күткөм, бирок моокумум канбай калды" дей берет го. Аялым да ушунтип эле жамандыкты айтып турат. Ошондуктан аны "Рыся" деп эркелетип коём" деди.
Андан кийин "Универсал" командасынын оюнчулары чыгышты. АКШга барып келген жигит тааныштарына жолугуп калып, алар айткан сөздөрдү которуп жатты. Бир маалда "эркек эмес же аял эмес деген кантип которулат" деген суроону узатканда "шоумен" деп жооп берип, анча-мынча уктап бараткандарды ойготту.
Кезек "Ак кеме" командасынын жигиттерине жетти. Мырзалардын тамашаларынын тең жарымы "Эл эмне дейт?" долбоорундагы каармандардын негизинде болду. Ал эми мыкты тамашаларынын бири деп шаардык кыздардын айылга келгендегисин айтса болот. Кыздарга таякеси келип "итке жугунду куюп койбойсуңарбы, эмне турасыңар?" дегенин "итке жүгүн" деп түшүнүп алып, иттин алдында жүгүнгөн учуру көрүүчүлөрдү кыраан-каткырыкка бөлөдү.
Андан кийин Жаныш букет кармап сахнадан Замира Молдошевага сүйүүсүн арнап, "Зефирчик", "Зам-зам суу" деп эркелетип: "Сенин "скромный" жигитиң болууга уруксат берчи. Экөөбүз бири-бирибизге окшошпуз. Мен райондо, сен салондо иштейсиң. Сен кыздардын көздөрүн боёсоң, мен балдардын көздөрүн боёйм". Ал эми Асел Кадырбекова убагында сүйүүсүн баалабай койгонуна кейип: "Нурлан экөөңөр эртерээк ары же бери болгулачы" деди.
Бул команда сахнага Манас Ниязов баштаган "улакчылар" командасы менен чыгышты. Анткени команданын күчтүү оюнчусу Мурат Жалиев улакчы болуп кетиптир. Оригиналдуу болгон тамаша - көчөдө болгон окуя менен төшөк саткан дүкөндө болгон окуяны алпаруучунун жаңылыш айтып алганда оюнчулар чуу чыгарышты. Ошондо айласы кеткен алпаруучу: "Мен ушунча жылдан бери тамашаларды жарыялайм, бирок өзүм ойнобойм. Бүгүнтөн баштап мен айткандай болот. Азыр экөөңөр (Мурат менен Ёма) эки "голубойдун" сүйлөшүүсүн ойнойсуңар" деп көшөгө артына кетип калды. Мурат "жок дегенде ата-баланын сүйлөшүүсү деп койбойсуңбу" десе, Ёма "кел ойной беребиз, Мурат" деп назданды.
"Тамадалар" сахнага чыгып музыкалык тамашаларды аткарышты. Ал эми акыркы болуп "Ак Өргө Сity" командасы оюн көргөзүштү. Оюндун башында "чала спортикти" күткөн элдин алдына "Жарайт Ситинин" "мурутчан агайы" Нурсултан чыгып, Эмил Эсеналиевди туурап берди. Ошол учурда сахнага төшүн кагып чыккан "чала спортик" менен "мурутчан агайдын" ортосунда талаш-тартыш болду. "Мурутчан агай" "чала спортиктин" баш кийимин чечип салганда карапайым боло түштү. Бирок жооп иретинде агайдын мурутун сыйрып салды. Албетте, бул алардын өзгөчө тамашаларынын бири болду.
Оюн аягында калыстар тобунун төрагасы Рысбек Жабиров жалпы калыстардын атынан сөз сүйлөп, кубокту өз ээсине тапшырды. Тагырагы "Тамашоунун" Кубогун "No name" командасы эңип кетти. Ал эми 2-орунду "Ак Өргө Сity", 3-орунду "Позитифф", 4-орунду устат жана шакирт командалар "Универсал", "Ошингтон", 5-орунду "Тамадалар", 6-орунду "Ак кеме", 7-орунду "Кыргыз двор" командалары камсыздады.