Ысык-Көлдө жергиликтүү тургун 47 килограмм баңгизат менен колго түштү
Ысык-Көлдө жергиликтүү тургун 47 килограмм баңгизат менен колго түштү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү катары Ысык-Көл районуна караштуу Темир айылынын 26 жаштагы тургуну М.у.Т. кармалган. Милиция кызматкерлери атайын текшерген учурда сарайынан 47 килограмм марихуана баңгизаты табылган. Шектүү райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, 246-берене (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатканы айтылат.