Бишкек-Ош жолунун 222-чакырымында кар көчкү түштү. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кар көчкү Токтогул районунун Шаркыратма тилкесине кечээ, 15-мартта саат 17:50 чамасында түшкөн. Көчкүнүн көлөмү болжол менен 480 метр куб. Көчкүнүн кесепетинен жабыркагандар жок. Унаа жолду тазалоого бир жүктөгүч унаа тартылган.
Айта кетсек, 13-мартта да Чычкан капчыгайы аркылуу өткөн Бишкек-Ош унаа жолуна 2 миллион 500 метр куб кар көчкү түшүп, каттам жабылган болчу.