ЭЛДИК ВИДЕО: "Швециянын хоккей боюнча биринчилиги мушташ менен башталды"
"Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Швециянын хоккей боюнча биринчилиги мушташ менен башталды" деген аталыштагы видео жүктөлгөн.
Анда Швециянын хоккей лигасынын (SHL) плей-офф оюнунун алкагында "Линчёпинг" жана "ХВ71" командаларынын оюнчуларынын ортосунда жаңжал чыккан. Оюндун алдындагы машыгууларды өткөрүп жатканда "Линчёпинг" клубунун чабуулчусу Эмиль Сильвеград каршылаштары машыгып жаткан жерге барып, аларга карата сүйлөп, андан соң "ХВ71" дарбазачысын көздөй шайба менен сокку узаткан. Коноктогу команданын коргоочусу Марк Занетти Сильвеградды кысымга алып баштаганда команданын калган өкүлдөрү ортого түшүп, хоккей таякчалары менен койгулашып киришкен.