Кино сүйүүчүлөрү үчүн чоң жаңылык. Көпчүлүктүн кумирине айланган америкалык актёр Арнольд Шварценеггер менен Эдди Мёрфи бир тасмада роль жаратат. Бул тууралуу Шварценеггер чет элдик басылмалардын бирине берген маеги учурунда айткан.
Маалым болгондой, 1988-жылы экранга чыккан "Эгиздер" тасмасынын уландысына аталган эки актёрдон сырткары, комедия жанрындагы ролдорду ийине жеткире аткарган Денни Де Вито да тартылат.
"Эдди Мёрфи - чыныгы талант! Биз экөөбүз келишимдин жана айрым суроолордун негизинде 3-4 жолу жолугуп, көп нерселерди талкууладык. Ал "Эгиздер" тасмасынын уландысына тартылууга кызыкдар экендигин билдирди. Биз талкуулай элек анча-мынча гана маселелер калды. Эгер баары чечилсе, абдан күлкүлүү фильм боло турганына үмүтүм чоң", - деген Шварценеггер.