Улакчы Тилек Урманбетов: "Көк-бөрү ЮНЕСКОнун тизмесине киргенине абдан сүйүнүп жатабыз"

Бүгүн, 16-мартта Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданында Нооруз майрамына арналган көк-бөрү боюнча республикалык мелдештин чейрек финалдык баскычына өткөн акыркы командалар аныкталды. Жаңы түзүлгөн "Көк-Жал" командасынын оюнчусу Тилек Урманбетов командасы тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.

"Оюн абдан кызыктуу болду, беттештер жакшы өтүп жатат. Биздин "Көк-Жал" командабыз жаңы түзүлгөн. Топтолгонубузга 1 жума гана болду, балдарыбыз жаш, арабызда 11-класстын окуучулары дагы бар. Келечекте жигиттерибиз Кыргыздын намысын коргойт деп ишенем. Атаандашыбыз "Четинди" командасы көп жылдан бери ойноп жүрүшөт. Эки команда тең жогорку деңгээлдеги беттеш көрсөттү деп ойлойм. Жакында эле көк-бөрү оюну ЮНЕСКОго кирди, ага абдан сүйүнүп жатабыз. Ошондой эле алдыда Көчмөндөр оюну келе жатат, ошого дагы жакшы даярдыктарды көрүп жатабыз. Азыркы мелдештин жеңүүчүлөрү жана мыкты улакчылар Кыргыз курамасын түзөт деген үмүттөмүн", - дейт Тилек Урманбетов.

Айта кетсек, бүгүн көк бөрү боюнча республикалык мелдеште жарым чейрек финалдык оюндар өттү. Анда 8 команда өз ара беттешип, чейрек финалга өткөн акыркы командалар аныкталды. Жыйынтыгында, чейрек финалга "Достук", "Көк-Жал", "Сары-Өзөн" жана "Арашан" командалары өтүштү.

Эртең, 17-мартта чейрек финалдык беттештер орун алат. Анда "Ынтымак" - "Толкун", "Биримдик Аю" - "Мурас", "Достук" - "Көк-Жал" жана "Сары-Өзөн" - "Арашан" беттештери өтөт.

17-мартта боло турган беттештер, чейрек финал:

9:30 "Ынтымак" - "Толкун";

11:00 "Биримдик Аю" - "Мурас";

12:30 "Достук" - "Көк-Жал";

14:00 "Сары-Өзөн" - "Арашан".

Нооруз-2018: Бүйүр кызыткан көк-бөрү оюну. Чейрек финалга өткөн командалар аныкталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
edik.toloikon
2018-03-16 18:39:26
Достука ийгилик))
0
Janibek_Mamytov
2018-03-16 18:55:25
Достукка ийгилик!!!
0
duyshon.kg
2018-03-16 19:54:10
Байыш брат ийгилик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан