Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкери 5 миң доллар пара алып жаткан жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 16-мартта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкери 5 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен келишип, Кытайлык ишкерден "15 миң доллар бер, мурунку бизнес-өнөктөшүң жазган арыздын негизинде текшерүү жүргүзбөйм" деп опузалап, акча каражатын талап кылган.
"Алынган маалыматтарга ылайык, аталган арызды жазган адамдар да кылмыштуу топко тиешеси бар болгон жана алар Кытайлык ишкердин ишканасынын бир бөлүгүн рейдерлик жол менен басып алууну көздөшкөн.
Бул факты боюнча Улуттук коопсуздук комитетинин Башкы тергөө башкармалыгы 170-313-беренелер менен кылмыш ишин козгоду. Учурда шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктап, кармоо боюнча ыкчам-издөө иш чаралары жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.