Бүгүн, 19-мартта "Медиа-портал" бөлүмү "тамашоучу", актёр, тамада Самат Эркинбековдун эксклюзивдүү "Той, той" ырынын клиби менен толукталды. Ырчы клип тууралуу SUPER.KG порталына төмөндөгүлөрдү айтып берди.
"Аталган ырдын сөзү, обону Кубик Калыковго таандык. Ырды агай мага белекке берген. Агайдын уруксаты менен ырдын кээ бир сөздөрүн өзгөртүп ырдап чыктым. Бул ырымдын клиби Малайзияда жана Кыргыз өлкөсүндө тартылды. Клипке ар бир улуттун кыздарын тартуу оор болду. Анткени ырдын текстинде "Кара кыздын агынан эмес багынан" деген сабы бар. Ага ылайыктуу кара кызды атайын чет өлкөгө барып тартып келдик. Ал эми ырчы болуп кетейин деген ниетим жок. Шоу-бизнестин өкүлү болгондуктан чыгармачылыгыма жаңылык киргизейин дедим. Мындан ары деле тамашалуу ырларды жарата алсам ырдай берем", - дейт Эркинбеков.
Клипти көрүү үчүн ушул жерди басып "Медиа-портал" бөлүмүнө кириңиз.