"Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Грузиядагы тоо-лыжа базасында болгон кырсык" деген аталыштагы видео жүктөлгөн.
Видеодо Грузиянын "Гудаури" эс алуу аймагында, лыжа тепкен эс алуучуларды тоонун бийик жерине жеткирген аппараттын иштен чыкканын көрүүгө болот.
Маалыматка ылайык, электр жарыгы өчүрүлгөнүнө байланыштуу жогору жакты көздөй чыгып бара жаткан орундуктар кайра ылдый кетип, бири-бири менен кагыша баштаган. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда эч ким жаракат алган эмес.
Видеону көрүү үчүн бул жерди басыңыз.