Ош шаарында эмерек саткан дүкөндөрдүн биринде сатуучу менен кардардын ортосундагы чыр-чатак боюнча соттук экспертиза дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта SUPER.KG порталына Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, бул окуя ушул жылдын 4-март күнү болгон.
"Бул факты боюнча дүкөндүн сатуучусу, 28 жаштагы Ош шаарынын тургуну Ош ШИИБине арыз менен кайрылган. Учурда соттук экспертиза дайындалды. Кылмыш ишинин козголушу экспертизанын жыйынтыгынан көз каранды", - дешти милициядан.