Ысык-Көл облусунда дагы кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолу кар көчкүдөн улам убактылуу жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган жолдогу Сөөк ашуусунда (68-чакырымында) көлөмү 3 миң куб метрге жеткен кар көчкү түшкөн.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, жабыркагандар жок. Кар көчкү түшкөн унаа жолун тазалоо үчүн атайын техникалар бүгүн саат 12:00 чамасында тартылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан