Ош шаарындагы "Фрунзе" ири дүкөнүнүн сейфин ачып, 700 миңден ашуун акча каражатын уурдашкан деп күзөтчүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта SUPER.KG порталына Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош ШИИБине "Фрунзе" дүкөнүнүн администратору 4-мартка караган түнү сейфтен акча уурдалганын кабарлап, арыз менен кайрылган.
"Арыздын негизинде Бишкек-Ош унаа жолунун Кара-Көл шаарынын аймагындагы участкасында шектүү катары мурда да соттолгон 26 жаштагы Э.К. жана 22 жаштагы И.К. аттуу Кара-Суу районунун тургундары кармалган. Алар Бишкек аркылуу Орусияга качууну көздөп жатышкан. Кылмышка шектүүлөр аталган дүкөндүн күзөт бөлүмүндө эмгектенгени аныкталды. Сейфтен уурдалган 713 миң 987 сомду экөө бөлүп алып, үйүнүн короосуна банкага ороп катып салганы белгилүү болду. Кармалгандар жасаган кылмышын моюнуна алышты", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Уурдалган акча каражаты дүкөндүн ээлерине толугу менен кайтарылып берилгени да маалым болду. Ош шаардык сотунун 14-марттагы чечими менен шектүүлөр 2 айга №5-СИЗОго киргизилди. Алардын үстүнөн "Уурулук" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.