Баткенде аткезчилик жолу менен алынып келе жаткан 28 кап жезди чек арадан тосуп алган жарандар кармалды

Баткен облусунда аткезчилик жолу менен алынып келе жаткан жезди чек арадан тосуп алган Кыргыз жарандары кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, бүгүн, 17-мартта белгисиз адамдар Өзбекстандын аймагынан Кадамжай районунун Ак-Жер аймагына 28 капка салынган металл ыргытышкан. Аткезчилик жолу менен өткөрүлүп жаткан ал жүктү 5 Кыргыз жараны тосуп турган. Алар дароо чек арачылар тарабынан кармалып, Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодексинин "Мамлекеттик чек ара режимин бузуу" беренесине ылайык айыпка жыгылышты.

Каптардын ичиндеги жүк 400 килограмм жез экендиги аныкталып, ал Бажы кызматынын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Daniel01
2018-03-17 16:24:41
100 мин сомдук тавар экенда
0
Lekarstvosvoegomuja
2018-03-17 19:36:18
Аткез деген эмне деген соз?
0
FCB-MSN
2018-03-17 19:46:07
Lekarstvosvoegomuja, контрабанда
0
HAKER-KG
2018-03-18 02:39:23
Москвада болгондо 151мин руб болмок банкрот болуптурда Кытайга алып отсо кг 400дон ашмак баасы
0
munar1980
2018-03-18 14:34:13
болбогон кичине нерсени кармап алып жар жар салышат Тонналаган Бензин Солярка өтүп жатат Тажикстанга контрабанда жолу менен ошолорду кармаса болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан