Көк-бөрү, Нооруз-2018: "Ынтымак", "Биримдик Аю", "Достук" жана "Арашан" командалары жарым финалга өттү (оюндардын жыйынтыгы)

Бүгүн, 17-мартта Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданында Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча республикалык мелдештин чейрек финалдык беттештери орун алып, жарым финалга өткөн командалар аныкталды.

Аталган мелдеште жалпы эсепте 16 команда катышкан, мелдеш олимпиадалык систем менен өтүп, чейрек финалда 8 команда күч сынады.

Биринчи орун алган беттеште Таластын "Ынтымак" командасы Ысык-Көлдүн "Толкун" командасы менен кез келди. Беттештин жыйынтыгында 8:1 эсеби менен былтыркы мелдештин жеңүүчүсү "Ынтымак" командасы утуп алды.

Кийинки беттеште Чүйдүн "Биримдик Аю" командасы менен Таластын "Мурас" командасы күч сынашты. Бул командалардын ортосундагы беттеш 7:3 эсебинде "Биримдик Аюнун" жеңиши менен аяктады.

3-оюнда Оштун "Достук" командасы менен Чүйдүн "Көк-Жал" командасынын кызуу беттеши орун алды. "Достук" бул беттеште атаандаштарына утууга дээрлик мүмкүнчүлүк берген жок. Оюндун аягында ири 14:2 эсеби катталып, Оштон келген команда жеңишке жетти.

Күндүн акыркы беттешинде "Сары-Өзөн" менен "Арашан" командалары кез келди. Беттештин жүрүшүндө эки командалар тең бирдей оюн көрсөтүп, оюндун акыркы мүнөттөрүнө чейин 0:0 эсеби катталып турду. Беттештин аягына 1 мүнөт калганда "Арашан" командасынын оюнчулары мыкты чабуул жасап, 1:0 эсеби менен жеңишке жетти.

Муну менен Таластын "Ынтымак", Чүйдүн "Биримдик Аю", Оштун "Достук" жана Чүйдүн "Арашан" командалары жарым финалга өтүштү.

Эми 19-мартта боло турган жарым финалдык оюндарда "Ынтымак" - "Биримдик Аю" жана "Достук" - "Арашан" командаларынын беттешин көрүүгө болот.

Бүгүн, 17-мартта болгон беттештердин жыйынтыгы, чейрек финал:

"Ынтымак" - "Толкун" - 8:1;

"Биримдик Аю" - "Мурас" - 7:3;

"Достук" - "Көк-Жал" - 14:2;

"Сары-Өзөн" - "Арашан" - 0:1.

Нооруз-2018: Көк бөрү боюнча жарым финалга өткөн командалар аныкталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Uragan07
2018-03-17 15:57:46
Достук чемпион болот буйруса
+8
Kyialbek.a
2018-03-17 16:05:14
Достук алга
+5
adiletabjalbekov92
2018-03-17 16:30:53
ынтымак алга
-5
Talaschanka
2018-03-17 16:50:25
Салтты бузбай быйылда ЫНТЫМАК ЧЕМПИОН болот буйруса!
-5
tular
2018-03-17 17:11:21
Биримдик Аю чыгат финалга
-2
Brat2
2018-03-17 17:13:16
Кайдагы Рома-Барса же Ювентус-Реал? Бул жакта кыргыздын кок-жал шерлери кыл чайнашып жатканда! Финал да чыныгы el clasico коргум келет. #Достук-Ынтымак!
-1
Mani.kg.
2018-03-17 17:20:16
Достук ийгилик!Чемпион болсун!
+6
Ramis.Ramis.kg
2018-03-17 17:22:18
Достук чемпион
+3
admin_superstan
2018-03-19 11:30:23
rysik79, бирөөнүн дарегине карата далили жок маалыматтарды жазууга тыюу салынат. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан