Ош шаарындагы эмерек саткан дүкөндөрдүн биринен сатуучуну ур-токмокко алган киши бүгүн саат 17:00 чамасында 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, соттук экспертизанын жыйынтыгы чыгып, 33 жаштагы Ош шаарынын тургуну кармалды.
"Экспертиза сатуучунун жеңил жаракат алганын тастыктады. Мындан улам шектүү катары 33 жаштагы Ош шаарынын Т.Ш. аттуу тургуну 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталды. Ал аялына болушуп, сатуучуну ур-токмокко алганын түшүндүрүүдө", - дешти милициядан.
Айта кетсек, буга чейин Ош шаарындагы дүкөндөрдүн биринен эмерек сатуучу менен кардардын ортосунда чыр чыгып, сатуучуну ур-токмокко алган видео интернетте талкууга түшкөн. Мындан улам Ош ШИИБинин басма сөз кызматы ур-токмокко кабылган 28 жаштагы Ош шаарынын тургуну арыз менен кайрылып, соттук экспертиза дайындалганын кабарлаган.