Орусиянын Санкт-Петербург шаарында кыргыз мигранттарынын 5 жаштагы баласы түтүнгө ууланды. Бул тууралуу 18-мартта орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, 15-март күнү кечки саат 19:00 чамаларында апасы баласын үйгө жалгыз калтырып, өзү дүкөнгө чыгып кеткен. Ал учурда үйдөгү электр зымдарынын чукул туташуусунан улам чыккан түтүнгө кароосуз калган бала ууланып калган. Бала дароо шаардагы №5-балдар ооруканасына жеткирилип, учурда абалы туруктуу экендиги айтылды.