Бүгүн, алып баруучу, ырчы Асел Кадырбекова 27 жашка толду. Ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда, SUPER.KG порталына өздүк майрамын бир күн кеч белгилей турганын билдирди.
Ал: "Март айынын аягына чейин аймактарга жеке концертимди коюп жүргөм. Кечээ Сосновкада концертим болгон. Алпаруучу сахнага чыгып 19-март менин туулган күнүм экенин айтканда элдин баары куттукташты. Аябай жагымдуу болду. Туулган күнүмдү бүгүн белгилебейм, бир иш-чарага чакыруу алгам. Буюрса, эртең досторумдун курчоосунда тосом. Буга чейин туулган күнүм үй-бүлөлүк майрам болчу", - дейт.
Ырчы Асел Кадырбекова 1991-жылы 19-мартта Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда төрөлгөн. Ош облусундагы Финансы-юридикалык колледжди аяктап, ОшМУдагы Юридикалык факультетин аяктаган.
16 жашынан тарта шоу-бизнеске аралашып, 2010-жылы "Кыргыз кыздары" деген аталыштагы ыры менен чоң сахнага чыккан. Өткөн жылы Тумар радиосунда ди-джей катары иштей баштаган. Мындан тышкары Асел айым "Сүйүүнүн керемети", "Мандарин" тасмаларында роль жаратып, актриса катары таанымал.
19-мартка карата жылнаама.