Голливуд жылдызы Анжелина Жоли 4-ирет турмушка чыгат. Актрисанын түгөйү британиялык миллионер экенин чет элдик басылмалар анын досторунун айткандарына таянып жазып чыгышты.
"Анжелина ал кишини аябай жактырып калды. Жакында ал 4-жолу турмушка чыгат", - деп актрисанын тааныштары кабар берген. Маалым болгондой, Анжелина менен британиялык миллионер 1 жылдан бери сүйүү романын куруп келишкен.
Белгилей кетсек, Голливуд жылдызы Анжелина продюсер, актёр Брэд Питт менен 2016-жылы "элдешкис пикир келишпестик" деген жүйө менен ажырашкан. Учурда тойго даярдыктар көрүлүп жатканын жана чакырыла турган коноктордун арасында Брэд Питт дагы бар экени айтылууда.
Актриса британиялык актёр Жони Ли Миллер, америкалык актёр, сценарист Билли Боб Торнтон жана Голливуддун белгилүү актёру, продюсер Брэд Питтке турмушка чыккан. Анжелина Жоли менен Брэд Питт 2004-жылдан бери чогуу жашап, 2014-жылы расмий никеге турушкан.