Бүгүн Нооруз майрамына арналган көк бөрү боюнча мелдештин жарым финалдык оюндары орун алат

Бүгүн, 19-мартта Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданында Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча республикалык мелдештин жарым финалдык беттештери орун алат. Анда 4 команданын беттеши өтүп, финалга жолдомо ойнотулат.

Айта кетсек, чейрек финалдык баскычта "Ынтымак" "Толкун" командасын 8:1 эсебинде, "Биримдик Аю" - "Мурасты" 7:3 эсебинде, "Достук" - "Көк-Жал" командасын 14:2 эсебинде утса, "Сары-Өзөн" менен "Арашан" командаларынын беттешинде 0:1 эсеби катталган.

Муну менен жарым финалга Таластын "Ынтымак", Чүйдүн "Биримдик Аю", Оштун "Достук" жана Чүйдүн "Арашан" командалары өтүшкөн.

Жарым финалда "Ынтымак" "Биримдик Аю" менен беттешсе, "Достук" "Арашан" командасы менен беттешет.

Бүгүн, 19-мартта боло турган беттештер, жарым финал:

12:00 "Ынтымак" - "Биримдик Аю";

13:30 "Достук" - "Арашан".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ramis.Ramis.kg
2018-03-19 13:06:11
Достук чемпион
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан