Таласта 2 милиция кызматкери камакка алынды

Талас облусунун Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн 2 кызматкери камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта SUPER.KG порталына УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган 2 милиция кызматкери 14-мартта камакка алынган.

"Расмий маалыматтарга ылайык, шектүүлөр 2018-жылдын январь айында күч колдонуу менен 33 жаштагы тургунду үйүнөн алып кетишкен. Аны РИИБге алып баргандан кийин кыйнап, мал уурулукту моюнуна алдырууга аракет кылышкан. Кийин бул окуя боюнча жабырлануучу арыз менен прокуратурага кайрылган", - дейт басма сөз кызматы.

Ошондой эле 33 жаштагы жабырлануучу мектепте мугалим болуп эмгектенерин, учурда шектүүлөр камакка алынып, тергөө иштери улантылып жатканын да кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
nargiz94
2018-03-19 14:40:50
Мындайлар толтура. Турмодо жаткандын кобу эле ушинтип мойнуна алдырышкандар.
+7
abon
2018-03-19 15:52:11
бир куну зоопарктан аюу качып кетиптирда.
анан милицияга аны(аюуну) табуу жуктолуптур. таппасанар болбойт дешиптирда 3 кун срок бериптир. анан 3 кун убакыт откон сон башчылар келип "аюуну кармадынарбы?" деп сураса ооба камадык деп жооп бериптир. Башчылар камерага кирип караса Коён отуратмиш. Байкуш Жалдырап: "ООБА, МЕН ОШО АЮУ МУН, СУРАНАМ УРБАГЫЛАЧЫ" дептир тиги...*)))
+9
Baatirbek81
2018-03-19 16:12:55
abon,укмуш
+2
arena2014
2018-03-19 16:51:21
abon,))))))
+2
Rasul94
2018-03-19 17:55:44
камаш керек буларды чыгарбай
+1
Bobina
2018-03-19 23:40:13
Милиция да жинди эмес жондон жон эле мойнуна алдыртып! Азыр кылмышкерлер амалдуу кичине катуу суйлоп койсо эле урду деп арызданышат.
-3
nargiz94
2018-03-20 03:05:27
Bobina, баштан отту беле???
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан