Бүгүн, 19-мартта Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданында Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча республикалык мелдештин жарым финалдык беттештери орун алып, 4 команданын өз ара беттеши өттү.
Жарым финалдык беттеште Оштун "Достук" жана Чүйдүн "Арашан" командаларынын беттеши орун алды. Беттештин жыйынтыгында "Достук" командасы атаандашын 15:1 эсебинде жеңип, финалга өттү.
Муну менен "Достук" командасы финалда алтын медаль үчүн беттешсе, "Арашан" командасы 3-орун үчүн беттешет.
Айта кетсек, жарым финалдын алгачкы беттешинде "Ынтымак" менен "Биримдик Аю" командаларынын беттеши орун алган. Анын жыйынтыгында "Ынтымак" командасы финалда алтын медаль үчүн күч сынашса, "Биримдик Аю" командасы коло медаль үчүн беттешет.
Бүгүн, 19-мартта болгон беттештердин жыйынтыгы, жарым финал:
"Ынтымак" - "Биримдик Аю" - 2:1;
"Достук" - "Арашан" - 15:1.