Баткенде издөөдө жүргөн 7 адам кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-15-мартта Баткен ОИИБи тарабынан ыкчам-издөө иштери жүргүзүлгөн. Анын алкагында өлкө аймагында издөөдө жүргөн 7 адам кармалган.
1. 1974- жылы туулган Ош шаарынын Д.К. аттуу тургуну 166-берене (алдамчылык) менен айыпталып, издөөдө жүргөн;
2. 1965-жылы туулган Ош шаарынын А.К. аттуу тургуну 313-берене (опузалап пара талап кылуу) менен айыпталып,издөөдө жүргөн;
3. 1983-жылы туулган Бишкек шаарынын Б.О. аттуу тургуну 350-берене (документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу) менен айыптылып, издөөдө жүргөн;
4. 1982-жылы туулган Ош облусунун К.М. аттуу тургуну 280-берене (темир жол, аба же суу транспортунун кыймылынын жана аны пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен айыпталып, издөөдө жүргөн;
5. 1974-жылы туулган Баткен районунун Э.Ш. аттуу тургуну 252-берене (баңгилик каражаттарды же психотроптук заттарды колдонуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же күтүү) менен айыпталып, издөөдө жүргөн;
6. 1959-жылы туулган Кызыл-Кыя шаарынын Т.Ф. аттуу тургуну 164-берене (уурдоо) менен айыпталып, издөөдө жүргөн;
7. 1986-жылы туулган Кызыл-Кыя шаарынын Т.Б. аттуу тургуну да 350-берене менен айыпталып, издөөдө жүргөн.