Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда чабанды малдары менен кошо сүзүп өлтүргөн айдоочу ооруканада жатат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 19-мартта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын облустагы бөлүмүнөн кабарлашты. Маалым болгондой, 61 жаштагы айдоочу 39 жаштагы чабан жолдо койлорун айдап баратканда Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаасы менен катуу ылдамдыкта келип сүзгөн.
"К.Ж. аттуу чабан ат минип алып, 200гө чукул койду айдап баратканда М.С. аттуу айдоочу унаасы менен катуу ылдамдыкта келе жатып сүзүп кеткен. Кырсыктан чабан каза болуп, минип бараткан аты жана 14 кою өлгөн. Ал эми айдоочу башынан жаракат алып, райондогу ооруканага жеткирилди. Азыр дарыланып жатат. Өзүнүн айтымында, унаасын токтотууга жетишпей калган. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрөт", - дешти Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынан.
Жол кырсыгы 17-март күнү кечки саат 21:00 чамасында Базар-Коргон районунун Сейдикум айылында болгон.