Бишкек шаардык мэриясы 21-Март - Нооруз майрамына карата өткөрүлүүчү иш-чаралардын программасын жарыялады. Ага ылайык, борбордук "Ала-Тоо" аянтын шөкөттөө иштери аягына чыгып калды.
21-мартта саат 10:00дө Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин имаратынын алдында кол өнөрчүлөрдүн жасаган эмгектеринин көргөзмөсү болот. Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган элдин коомдук бирикмелери чыгармачылыгын тартуулап концерт коёт.
Ал эми Тышкы иштер министрлиги саат 10:00дө Курманжан датканын айкелинин алдында дипломатиялык корпустун катышуусу менен кайрымдуулук жарманкесин өткөрөт. Жергиликтүү эл 20га жакын улуттун ашканасынан даам татып, улуттук буюмдарды, ар кыл сувенирлерди сатып алууга мүмкүнчүлүк алат. Андан сырткары, дипломаттык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери жана чыгармачыл топтор концерт тартуулайт.
"Ала-Тоо" аянтында саат 11:00дөн 14:00гө чейин майрамдык иш-чара өтүп, шаардагы чыгармачыл топтордун концерти менен коштолот. Андан сырткары, борбор калаанын райондорунун ар биринде Ноорузга карата майрамдык иш-чаралар уюштурулат.
Саат 9:00дө Дайыр Асанов атындагы паркта улуттук тамактардын майрамдык көргөзмөсү болот. Ал эми саат 12:00дө шаар тургундары менен коноктору үчүн майрамдык концерт өтөт.
Ал эми улуттук оюндардын күйөрмандары бул күнү "Аккула" ат майданында көк бөрү боюнча уюштурулган мелдештин финалдык беттештерине жана салбуурун, эр эңиш, ат чабыш жана башка оюндарга күбө боло алышат. Оюндар саат 09:00дө башталат.