Чүй облусунун Кара-Балта шаарында 15 жаштагы мектеп окуучусун поезд сүзүп, ал ооруканада көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 17-март күнү болгон.
"Кара-Балта шаарындагы темир жолго чуркап чыга калган өспүрүмдү поезд сүзүп кеткен. Жыйынтыгында 15 жаштагы А.У. аттуу поезд сүзгөн бала оор абалда Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген. Ал 18-март күнү ооруканада көз жумган. Учурда аталган факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.