Белгилүү немис футболчусу Бастиан Швайнштайгер жана сербиялык мурдагы теннисчи Ана Иванович уулду болду. Бул тууралуу Ана өзүнүн Инстаграмдагы баракчасына жазып чыкты.
"Бул дүйнөгө кош келдиң уулум. Биздин жүрөктөрдө болуп жаткан кубанычты жана бакытты сөз менен айтып берүү мүмкүн эмес", - деген билдирүүсүн Ана өзүнүн баракчасына жарыялаган.
Айта кетсек, Бастиан жана Ана 2016-жылы Италияда баш кошушкан.