Өлкөдө соңку жумада 308 айдоочу мас абалында кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, башкармалык тарабынан 12-марттан 18-мартка чейин республика аймагында жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында иш-чаралар жүргүзүлгөн. Анын алкагында 22 миң 312 жолу жол эрежелерин бузуу катталган. Анын ичинен 308 айдоочу мас абалында кармалса, 4 миң 260 айдоочу жол чийиндерине жана белгилерге баш ийбегендиги үчүн, 37 айдоочу унаасынын терезелерин караңгылатып башкаргандыгы үчүн, 3 миң 71 айдоочу өтө ылдам айдагандыгы үчүн кармалышкан.
Андан сырткары, дагы ар кандай жол эрежелерин сактабаган 14 миң 673 айдоочуга административдик протоколдор түзүлүп, 975 унаа айып аянтчасына токтотулган.