Бишкекте Пакистандан келген студенттерди батирине кирип тоноп кетишкен деп шектелип 3 адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 18-мартта Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда Пакистандан келген студенттердин батирине 3 адам кирип коркутуу жолу менен тоноп кетишкен. Алар 2 ноутбук, 4 уюлдук телефон, 4 миң сом алып кетишкен. Кийин Ички иштер министрлигинин академиясынын курсанттары жана Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери тарабынан издөө иштери жүргүзүлгөн. Көп убакыт өтпөй эле шектүү катары 21 жаштагы А.А., 16 жаштагы К.Н., жана 19 жаштагы И.Э. аттуу жарандар камалган.
Аларга карата кылмыш иши козголуп, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.