Орусияда 13 Кыргыз жараны кулчулуктан бошотулду. Анын бири өз жанын кыюуга аракет кылган

Орусиянын Рязань облусунда 13 Кыргыз жараны кулчулуктан бошотулду. Бул тууралуу 19-мартта SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргыз жарандарын куткаруу иш-чарасы Орусиянын ИИМ жана Миграция кызматынын кызматкерлери менен биргеликте март айынын ортосунда жүргүзүлгөн.

"Тигүүчү цехте 100дөй кызматкер болгон. Алар жакынкы жана алыскы өлкөлөрдүн жарандары экени жана эмгек келишиминин негизинде ал жайга жумушка киришкени аныкталган. Келишимдеги шарттар сакталбай кызматкерлер кул сыяктуу эмгектенип келишкен. Анткени келишимди бузууну каалаган кызматкердин документтерин цехтин жетекчилиги күч колдонуу менен алып коюп, мажбурлап иштетип келген. Цехтен куткарылгандардын арасында 13 Кыргыз жараны бар. Алар аталган жумушка Бишкек шаарындагы "Берекет" базарынын жанында Ош облусунун Алай районунун 1979-жылы туулган Эркинаалы аттуу тургуну аркылуу барышкан. Бирок келишимде көрсөтүлгөн талаптар сакталбай, кызматкерлер кул сыяктуу иштетилген", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Андан сырткары, М.Э. аттуу Кыргыз жараны цехте оор жумуштан улам өз жанын кыюуга аракеттенип, кан тамырын кескенин, күбөлөр "Тез жардам" кызматын чакырууга аракет кылганда цехтин жетекчилери тыюу салып, бирок ал кыз аман калганын да билдиришти.

"Учурда аталган факты боюнча тергөө иштери башталды. Ал эми 13 Кыргыз жаранын аталган жумушка ортомчу болуп жиберген Эркинаалы аттуу жарандын аты-жөнү такталууда", - деп кошумчалады басма сөз кызматынан.

Орусияда 13 кыргыз жараны кулчулуктан бошонду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Nanei
2018-03-19 13:15:09
Кыргызды кыргыз сатат,анан башка улутту жаман деп коебуз. Катуу жазалаш керек эркинаалы деген типти
+27
Zainidin96
2018-03-19 13:27:58
АША туура айтыптырда кыргыздын душманы кыргыз деп
+24
karakulja
2018-03-19 13:35:39
Эхх Эркинаалы, эркинен ажырайсын го чырагым! 13 жыл буйруса
+15
Paol
2018-03-19 13:42:40
karakulja,акча берип кутулуп кетпесе эле бизде адилеттууууууууу чечим чыгарышна козум жетпей калды
+12
gulya583
2018-03-19 21:39:48
Тооба кылдым Кудай бул эмне деген шумдук болду. Бироонун акысын жегендерди ошол эшек Эркинаалыны таап, уй мулкун конфискациялап орттоп салыш керек арам дуйносун
+1
Aruwka.89
2018-03-20 10:42:39
Ушулар кандай жаза алганын дагы толуктай кеткилечи королу! Кайсы бети жоктор экенин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан