КИНОЗАЛ: Эксклюзив! iPhone уюлдук аппаратына тартылган "Мени менен ойночу" тасмасы SUPER.KG порталында

SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмүнө Актан Аскарбек уулу режиссёрлук кылган "Мени менен ойночу" тасмасы жүктөлдү.

"Досумдан арбактар жөнүндө окуя угуп калып, бул тасманын сценарийин анын негизинде тартууга бел байладым. Кыргыз мамлекетинде акыркы учурда комедия жанрындагы тасмалардын саны көбөйүп кетти. Андан башка жанрларда, мисалы, хоррор жанрында деле фильм тартып, аны өнүктүрсөк болот", - деген режиссёр фильм iPhone уюлдук аппаратына тартылганын кошумчалады.

Тасмада башкы ролдорду жараткандар чыныгы жашоодо да бир үй-бүлө мүчөлөрү. Фильмде кичинекей кызы бар жаш түгөйлөр турак жай издеп, акыры мектептин бир бөлүгүнө директордун уруксаты менен көчүп келишип, турмушун өткөрө башташат. Ал жерге келери менен, аялынын көзүнө арбактар көрүнүп, күн сайын ар кандай окуяларды башынан өткөрөт.

Киного Актан Аскарбек уулу, Ажар Рахман кызы, Кымбат Молдобекова, Турганбүбү Бообекова, Анжелика Аскарбекова жана башкалар тартылган.

"Мени менен ойночу" тасмасын көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан