Чүй облусунун Панфилов районунда 15 жашар кыз асынып каза болду. Бул туурасында Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 15-мартта Панфилов районунун Чалдовар айылында болгон. Анда 8-класстын окуучусу өз үйүндө асынып алган. Анын жанынан ата-энесинен кечирим сураган кат табылган. Учурда ал эмне себептен мындай жолго барганы тууралуу маалыматтар такталып жатат. Анын жыйынтыгы менен себептери белгилүү болот.