Чүйдө өмүр бою эркинен ажыратылгандар кармалган абакта 10 адам ачкачылык жарыялады

Чүй облусунун Сокулук районунун Жаңы-жер айылындагы өмүр бою эркинен ажыратылган адамдар кармалган 19-абакта 10 адам ачкачылык жарыялашты. Бул тууралуу Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, абактын кармоо шартына нааразы болгон 10 адам 18-мартта ачкачылык жарыялашкан.

"Ал абакта өмүр бою эркинен ажыратылгандар кармалат. Аларга 1 күндө 2 эле саат сейилдөөгө уруксат берилип, калган убактыларын камераларында өткөрүшөт. 18-мартта алар ачкачылык жарыялашып, мындай катуу талаптарга нааразы экенин айтып, абакта кармоо шарттарын жеңилдетип берүү талабын коюшкан. 19-мартта алардын талабын Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматынын жетекчилиги карап, алардын жактоочуларына бул маселени сот аркылуу чечүү керектигин билдиришкен. Анткени Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматы аты айтып тургандай эле аткаруучу кызмат, андай ыйгарым укуктары жок", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Андан сырткары аталган абактын курулушу 2007-жылы курулуп башталганын, учурда анын 2 бөлүгүнүн бири гана бүткөнүн да кошумчалады.

"Ал абак 2007-жылы атайын өмүр бою эркинен ажыратылган адамдар кармала турган жай катары 200 адамга ылайыкталып курула баштаган. Бирок өмүр бою эркинен ажыратылган адамдардын саны жыл сайын өсүп жатып, учурда 300гө чамалап калды. Аталган абак өзү 2 бөлүктөн турат, анын азыр бир эле бөлүгү бүтүп ал жакта өмүр бою эркинен ажыратылган адамдардын бир канчасы кармалып турат. Калгандары өлкөнүн башка абактарында", - дешти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
almanbetperm
2018-03-20 15:24:42
Омур бою багып отургандан коро,олум жазасын киргизиш керек
+10
TalaCSKA
2018-03-20 16:29:35
almanbetperm,омур бою соттолгон кылмышкерлердин 99℅ ти озулоруно карата олум жазасы колдонулушун каалашат.омур бою турмодо олтуруу олум жазасынан коп эсе катаал жаза.
-1
RusMos76
2018-03-20 15:44:35
Ачка тим коюш керек ал да олум жазасы
0
nematovich.90
2018-03-20 15:53:00
Тоо дагы ваннага тушсом деп ниет кылат экен. Алар дагы жакшы ниет кылышыптыр
0
RusMos76
2018-03-20 15:56:13
Кылмышка барып атканда ойлонду бекен, жазасын алсын эми, канчалаган адамды зар какшатса кере!
+3
Kanat21BEK
2018-03-20 23:24:03
Ачка болмоктон олуп кеткиле силерге убал жок
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан