19-мартта Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданында Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча республикалык мелдештин жарым финалдык беттештери орун алды. Анда "Ынтымак" - "Биримдик Аю" жана "Достук" - "Арашан" командаларынын беттештери өттү.
Күндүн алгачкы беттешинде Таластын "Ынтымак" командасы менен Чүйдүн "Биримдик Аю" командасы туш болду. Улакчылар чабуулга чабуул менен жооп берип, беттеш абдан кызыктуу болду. Алгачкы улакты казанга "Биримдик Аюнун" улакчысы Урмат Мусаев таштады. Аргымагын атаандашынын казанына чаптырып барып, улак менен кошо казанга кирип кетти. Бирок Мусаев эсеп санын ачканы менен, жаракат алгандыгынан улам оюндан четтеди. Буга "Ынтымак" командасы чабуулдарды күчөтүп, эсепти тең кылганга үлгүрүп, андан соң эсепти 2:1ге айлантты. Буга "Биримдик Аю" командасы мыкты чабуулдар менен жооп берип жатты, бирок таамай боло албай, 3 ирет улак казандын жанына түшүп калды. Кызуу беттеш 2:1 эсеби менен жыйынтыкталып, "Ынтымак" финалга өттү.
Жарым финалдын 2-беттешинде Оштун "Достук" командасы Чүйдүн "Арашан" командасына туш келди. Беттеште алгачкы мүнөттөрдөн баштап Оштон келген команда өзүнүн чеберчилигин көрсөтүп, уламдан улам атаандашынын казанына улак таштап жатты. "Арашан" командасы атаандашына туруктуу жооп берүүгө аракет кылганы менен жаш улакчылар таамай боло алган жок.
Айта кетсек, бул беттеш "Достук" командасынын капитаны Байыш Ниязовдун туулган күнүнө туш келген. Тажрыйбалуу улакчы атаандашынын казанына 2 улак таштап, туулган күнүндө өзүнө белек ыйгарды.
Муну менен республикалык мелдештин финалында Таластын "Ынтымак" командасы Оштун "Достук" командасы менен беттешет. Ал эми 3-орун үчүн беттеште Чүйдүн 2 командасы күч сынашат, анда "Биримдик Аю" менен "Арашан" командалары күч сынашмакчы.
Эске салсак, 2017-жылы Нооруз майрамына карата өткөн мелдештин финалында "Ынтымак" менен "Достук" беттешкен. Анда бүйүр кызыткан беттештин жыйынтыгында "Ынтымак" 8:7 эсебинде жеңишти илип кеткен. Бул жылы жеңишке кайсы команда жетерин 21-мартта орун алчу беттеш аныктайт.
19-мартта болгон беттештердин жыйынтыгы, жарым финал:
"Ынтымак" - "Биримдик Аю" - 2:1;
"Достук" - "Арашан" - 15:1.
21-мартта өтө турган беттештер:
3-орун үчүн беттеш:
Саат 10:00дө "Биримдик Аю" - "Арашан"
1-орун үчүн беттеш:
14:00дө "Ынтымак" - "Достук"