Кинорежиссёр Руслан Акун менен продюсер Нурбек Айбашовдон дагы бир тасма жаралмай болду. Бул тууралуу Руслан Акун SUPER.KG порталына билдирди.
"Көптөн бери көк бөрү оюнун тасмага түшүрүүнү пландап келгенбиз. Мен азыр АКШдамын, жакында Кыргыз өлкөсүнө барып, "Көк бөрү" аталышындагы кино тартуу алдында турам. Фильмдин продюсери Нурбек Айбашов, режиссёрлук кылган жана сценарийин жазган мен. Кино тартуу иштери ушул жайында башталат. Көк бөрү оюну илгери кандай ойнолгон же келип чыгышы дегендей тарыхый тасма тартпайбыз, биз заманбап оюнду чагылдырып, спорттук драма жанрына кайрылабыз", - дейт режиссёр.