УКМК: "Экс-депутат Каныбек Осмоналиевдин иши прокуратурага жөнөтүлдү"

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиевдин ишин сотко өткөрүү үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Каныбек Осмоналиев боюнча кылмыш иши тергелип жаткан. Ага 2014-жылы Кыргыз-Орус Славян университетине 27 абитуриентти мыйзамсыз түрдө окууга киргизгендиги үчүн "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда ошол иш боюнча тергөө иштери аягына чыкты, ошол себептен тергөөчү Каныбек Осмоналиевди УКМКга чакырган. Бул ишти сотко өткөрүп берүү үчүн топтолгон материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлдү", - дешти УКМКдан.

Эске салсак, 17-мартта мурдагы депутат Каныбек Осмоналиев өзүнө карата 2014-жылы кылмыш иши козголуп, кайра жабылган иш боюнча УКМКга чакырылып, барып келгенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
urmat-77
2018-03-19 19:38:46
Соке убадасына туруп АШАнын ишинин жаман жагын улантып жатыптыр БАЛИ.Ачуу чындыкты айткандарга кыргызстанда жашоо жок.Актап жактап соттор жапкан эле бул ишти демек ошол сотторду кошо камаш керек.Себеби пара алып актаган.Андан көрөкчө элдин мойнуна карыз илген ТЕЦтеги даяр ишти карашпайбы.Милиондогон доллар жегендерди камабайбы.
0
Jelezo
2018-03-20 10:52:24
Соке деле ТЕЦ боюнча ооз ачбайт өзү да аралаш окшойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан