Бүгүн, 19-мартта Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданында Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча республикалык мелдештин жарым финалдык беттештери орун алды. "Достук" командасынын капитаны Байыш Ниязов өткөн беттеш жана туулган күнү тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.
"Оюн жакшы болду. Бул мелдешке машыгуу жыйындарын өткөрүп, даярданганыбызга 2 ай болду. Ар бир 12 оюнчунун өзүнүн милдети бар. 5 улакчы коргонууда, 5 улакчы чабуулда жана 2 улакчы ортодо ойнойт. Бардык балдар ынтымактуу, өз жумушун аткарып, жеңиш биз тарапта болду", - деп айтты Байыш Ниязов.
Айта кетсек, бул беттеште "Достуктун" капитаны Байыш Ниязов туулган күнүн белгилеп, 34 жашка чыкты. Ал 13 жылдан бери туулган күнүнүн жарым финалдык оюнда өткөрүп жүргөнүн айтты.
"Мен 13 жылдан бери туулган күнүмдү үй-бүлөм менен белгилей элекмин. 2005-жылдан бери бул күндү ат майданда өткөрүп, жарым финалда ойнойм", - дейт улакчы.
Айта кетсек, "Аккула" ат майданында жарым финалдын алкагында "Ынтымак" - "Биримдик Аю" жана "Достук" - "Арашан" командаларынын беттеши орун алды. Анда Байыш Ниязовдун командасы "Арашан" командасын 15:1 эсебинде жеңип алса,"Ынтымак" "Биримдик Аю" командасын 2:1 эсебинде утуп алды.
Эми мелдештин финалында Таластын "Ынтымак" командасы Оштун "Достук" командасы менен беттешсе, 3-орун үчүн беттеште Чүйдүн "Биримдик Аю" жана "Арашан" командалары күч сынашат.
Эске салсак, 2017-жылы Нооруз майрамына карата өткөн мелдештин финалында "Ынтымак" менен "Достук" беттешкен. Анда бүйүр кызыткан беттештин жыйынтыгында "Ынтымак" 8:7 эсебинде жеңишти илип кеткен. Бул жылы жеңишке кайсы команда жете турганын 21-мартта орун алчу беттеш аныктайт.
Бүгүн, 19-мартта болгон беттештердин жыйынтыгы, жарым финал:
"Ынтымак" - "Биримдик Аю" - 2:1;
"Достук" - "Арашан" - 15:1.
21-мартта өтө турган беттештер:
3-орун үчүн беттеш:
Саат 10:00дө "Биримдик Аю" - "Арашан"
1-орун үчүн беттеш:
14:00дө "Ынтымак" - "Достук"