Бишкекте көп кабаттуу үйдөн кулаган адам 24 жашта болгон. Бул тууралуу SUPER.KG'ге бүгүн, 19-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Адыл Оморов билдирди.
"Окуя 18-март күнү саат 12:20лар чамасында Манас проспектиси менен Чокморов көчөсүнүн кесилишинде болгон. Анда көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 24 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну 11-кабаттан кулап кетип, ошол жерде жан берген. Анын жанынан өзүнүн аты-жөнү жана апасынын номери жазылган кагаз табылган. Учурда анын кулап кеткендиги же атайлап боюн таштаганын аныктоо иш-аракеттери жүрүп жатат", - дейт Оморов.
Айта кетсек, буга чейин окурман 18-мартта Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринен эркек киши кулап түшкөнүн кабарлаган болчу.