ЖЫЛНААМА, 20-МАРТ: "Бөбөк" атка конгон белгилүү испаниялык футболчу Фернандо Торрес 34 жашка чыкты

Футбол боюнча Испания курама командасынын жана "Атлетико футболдук клубунун чабуулчусу Фернандо Торрес 1984-жылы 20-мартта Италиядагы Фуэнлабрада шаарында туулган. Профессионалдык карьерасын 2001-жылы мадриддик “Атлетико” клубунан баштаган футболчу буга чейин 3 клубда ойногон. 2007-жылга чейин “Атлетикодо” ойноп, 214 оюнда 82 гол киргизген.

Ал эми англиялык “Ливерпулдун” курамына 2007-жылы өтүп, жалпы мелдештерде өткөргөн 102 оюнда 65 гол киргизген.

2011-жылы Торрести лондондук “Челси” футболдук клубу 80 миллион долларга сатып алган. Бирок бул клубда оюнчунун көрсөткүчү өтө начарлап, “Челсинин” курамында ойногон 103 оюнда 19 гана гол киргизген. Торрес жеке көрсөткүчү начарлап кетсе да, лондондуктардын курамында командалык эсепте ири жеңиштерге жетишкен. Алсак, 2012-жылы УЕФАнын Чемпиондор Лигасын жана Англиянын кубогун утса, 2013-жылы УЕФАнын Евролигасын утуп алган.

2014-жылдын 29-августунда "Челси" жана "Милан" клубдарынын сүйлөшүүсү оңунан чыгып Торрес келишимдин негизинде 2 жылга "Миландын" курамына өтөт. Бирок 2014-жылдын 27-декабрында Торрестин "Атлетико" клубуна өтө турганы жарыяланган. 2015-жылдын 7-январында ал "Атлетиконун" курамында Испания Кубогуна болгон оюнда "Реал Мадрид" клубу менен болгон беттеште оюн талаасына чыккан.

Ал эми Улуттук курама команда менен 2010-жылы Дүйнө биринчилигин жана 2 ирет Европа чемпиондугун (2008, 2012) уткан. Фернандо Торрес улуттук курама команданын курамында 106 оюнга чыгып, эсебине 36 гол жаза алган.

Торрес жубайы Олалье Домингеске 2008-жылы баш кошкон. Алар 2009-жылы Нора аттуу кыздуу, 2010-жылы Лео аттуу уулдуу болушкан. Ал эми 2015-жылы 26-октябрда дагы бир Эльса аттуу кыздуу болгон.

20-марттын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Ka4okrys
2018-03-20 09:06:20
Жакшы оюнчу болчу
0
Rasul94
2018-03-20 13:17:50
Ka4okrys,козу отуп кеткендей жазыпсын го тууган
0
Rasul94
2018-03-20 13:19:31
мен баалаган оюнчулардын бири ушул Малыш.
коп жаша, ден соолугун жакшы болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан